Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен жана Ош облустарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кадамжай шаарынын базарына барды.

«Министрлер Кабинети өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун кам-сыздоо үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоодо. Бүгүнкү күндө көптөгөн товарларды импорттоодобуз. Бирок биз аны өзгөртүүнү пландаштырып жатабыз. Биз өзүбүздү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздообуз керек», — деди ал.

Марипов күндө керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасы менен таанышып, базарга келген тургундар менен пикир алышты.

Мындан тышкары ал Кызыл-Кыя шаарындагы У.Гулматов атындагы № 9 орто мектепте жүрүп жаткан ондоо иштери менен таанышты.

2018-жылы объектиде иштер башталып, акча каражатынын өз мөөнөтүндө бөлүнбөгөндүгүнөн улам иштер жыйынтыкталбай калган.

Улукбек Марипов социалдык объектилердин курулушуна өзгөчө басым коюлуп жаткандыгын эске алуу менен, башталган иштердин ыкчам жана сапаттуу бүткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.