Кечээ Президент Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары — облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулду.

Ага ылайык, Астанакулов Байышбек Кахроманович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматына дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү.

Мындай Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Астанакулов Байышбек Кахроманович буга чейин Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарынын мэри кызматын аркалап келген.

 Өмүр баяны:

Астанакулов Байышбек Кахроманович 1988-жылы 13-мартта Ош областынын Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл өкмөтүнүн Жал айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Билими жогорку.

2005-жылы Ош шаарындагы У.Салиева атындагы орто мектепти бүтүргөн.

2005–2010-жылдары Ош Технологиялык Университетинин инженердик-экономикалык факультетин аяктап, каржы адистигин алган.

2010–2014-жылдары Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин юриспрудунция факультетинин аяктаган.

2017–2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын мамлекетти башкаруу факультетинин магистранты.

 

Эмгек жолу:

2010-жылы Жалал-Абад шаарындагы “Билим Ордо” окуу борборунда директор;

2012-жылдын башынан 2012-жылдын декабрь айына чейин Ош областык юстиция башкармалыгында стажер;

2013-жылдын март айынан 2016-жылдын март айына Жалал-Абад шаардык сотунда соттук отурумдун катчысы;

2016-жылдын март айынан 2017-жылдын март айына чейин судьянын жардамчысы;

2017-жылдын март айынан тартып 2019-жылдын июль айына чейин Ош шаардык Кеңешинде башкы-адис юрист;

2019-жылдын июль айынан азыркы күнгө чейин Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарынын мэри кызматын аркалап келген.