Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Латын Америкада жана Кариб деңизинде бир миллиондон ашуун адам каза болду. Бул аймакта дүйнө калкынын 8,4% гана жашайт, деп жазат Reuters.

Май айында, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 өлүмүнүн 31% Латын Америкасында жана Кариб деңизинде катталган. Бул киши башына өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү.

Дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө жаңы инфекциялардын саны азайып баратат, бирок, бул аймакта COVID-19дун жаңы очоктору катталууда. Жашоо деңгээлинин төмөндүгүнө байланыштуу, аталган өлкөлөрдүн жарандары үйүндө карантинге отура албай, иштөөгө мажбур болушууда.

Ошондой эле, айрым мамлекеттердин башчылары «тропикалык ысык вирусту нейтралдаштырат» деп жаңылыш ойлоп, оорунун коркунучун төмөндөтүп жатышкандыгы кырдаалды курчутууда.