Бүгүн, 24-майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев эстрада ырчылары менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу саат 15:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөрү белгиленди.

Анда эстрада тармагындагы жасала турган иштер жана көйгөйлөр талкууланат. Буга чейин кабыл алынган бир катар чечимдер боюнча пикир алышуу болот.