Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан даярдалган 2031-жылга чейинки он жылдык Маданият тармагын өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоорду министр Кайрат Иманалиев сунуштап, талкууга борбордук маданий мекемелердин жетекчилери, салмактуу маданий ишмерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылды.

Маданият коомдук аң-сезимге, жарандык коомдун түптөлүүсүнө түрткү болгон бийик идеяларды жана үлгүлөрдү жаратуучу баалуу багыттардын калыптануусуна, улуттун өздүгүн, анын философиялык, тарыхый жана маданий негиздерин аныктоого таасир берүүчү чөйрө катары мамлекеттин өнүгүү жолунун маанилүү ресурсу болуп эсептелет.

Маданият чөйрөсүн өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты жана маанилүү милдети болуп саналат.

Сунушталган Улуттук программанын негизги багыттары башкаруу системасындагы, кесиптик билим берүүдөгү, искусство чөйрөсүндөгү, китепкана, музей, театр оюн-зоок мекемелериндеги, тарыхый–маданий мурастар жаатындагы, фестиваль ишмердүүлүгүнүн, кино, эл аралык кызматташуудагы, социалдык жана ченемдик-укуктук меселелерин конкреттүү көрсөтүп, аларды чечүү жолдорун сунуштайт.

Жыйындын башында Кайрат Иманалиев маданият, спорт жана жаштар саясаты тармагын өнүктүрүүдө жакынкы убакта министрлик тарабынан жасалган алгылыктуу иштер тууралуу кыскача маалымат берди. Ал өз сөзүндө маданият маанилүү тармак экендигин мезгил өзү далилдегендигин айтып, биринчи кезекте элди руханий азык менен камсыздоодо, адеп – ахлактык жактан тарбиялоодо жана келечек муундун адеби менен алектенүүдө маданият тармагы учурдун күрөө тамыры сыяктуу зарыл экендигин белгилеп, демилгеге үн кошуп келген бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Талкуу учурунда маданият тармагындагы каражаттын жетишсиздигинен улам келип чыккан бир катар маселелер ачыкталып, учурдун талабына ылайык санариптештирүү иштери, тарыхый- маданий мурастарды сактоо, коргоо жана жайылтуу сыяктуу маанилүү көйгөйлөр, бийик маданияттуулукту канына сиңирген кадимки классикалык искусство жанры, аны менен катар кыргыздын улуттук маданиятын аздектеп алуу боюнча жүйөлүү ойлор ортого салынды.

Жыйынтыгында катышуучулар Улуттук программанын долбоорун жактырып, ар бир тармак боюнча негиздүү сунуш пикирлерди берүү жоопкерчилигин алышты.