Ички иштер министри Улан Ниязбеков 24-майда 2020–2021- окуу жылынын аякташына байланыштуу коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иштерди күчөтүү үчүн ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
 
Онлайн чогулушта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 11-майындагы буйругуна ылайык, быйылкы жылы республиканын аймагында орун алган 2 миң 296 мектепте 2020–2021-окуу жылынын “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары коронавирус илдетине байланыштуу онлайн-форматта өткөрүү чечими кабыл алынгандыгы белгиленди.
Салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү учурунда, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын иш-мерчем түзүлүп, күч каражаттардын эсеби такталды. Иш-чараларды өткөрүү учурунда, республика боюнча коомдук тартипти камсыздоого ИИОнун 3391 кызматкери тартылат. Ошону менен бирге ички иштер органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери бул иш-чараларга жооптуу болуп бекитилди.
Бул багытта милиция кызматкерлери эл арасында, айрыкча ата- энелерге “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чараларына байланыштуу (Жаратылышта, шаардын четине, ресторан кафелерге) отуруштарды уюштурбоо, жашы жете электерге автотранспорттук каражаттарды бербөө керектиги эскертилип, ар кандай “Таңды тосуу”- сыяктуу кечелерди уюштурууну алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет булактары аркылуу жогоруда көрсөтүлгөн түшүндүрүү иш-чараларын чагылдыруу иштери жүрүп жатат.
Республиканын жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын жана жаштардын арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча, жашы жете электердин болжолдуу топтошуучу жерлери текшерүүгө алынуусу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жашы жете электердин топтошуп урушуу учурларын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин уюштуруусу каралган.
ИИМ башчысы коомдук тартип сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Ал иштердин бардыгын татыктуу аткарып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатып, ишмердикти андан ары өркүндөтүү жана чыңдоо зарылдыгын белгиледи.
“Эң негизгиси өлкөдөгү ар бир жаран өзүн коопсуз сезип, тынчтык өкүм сүргөн туруктуу өлкөдө жашоого татыктуу. Ошондуктан, баарыбыз элдин койгон талаптарын чарчап чалыкпастан, ынтымакта, биргеликте аткарып, алдыга коюлган максаттарга жетебиз деп ишенем. Ал максаттарга жетүү үчүн милициянын баркын түшүрүүгө бирден-бир түрткү болгон “кенебестик”, “кайдыгерлик” деген жаман адаттардан алыс болуп, элдин кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек”,- деди министр.
Улан Ниязбеков аппараттык кеңешменин жыйынтыгы менен он тапшырма коюп өз убагында аткарууну талап кылды. Алар, коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары жогорку деңгээлде ишке ашыруу, анын ичинде, мектепти бүтүрүүчүлөр аралашкан жол кырсыктары, кыз ала качуу, массалык мушташ жана башка коомго жат көрүнгөн кылмыштар, окуялардын алдын алуу. Жергиликтүү бийлик органдары, акимдер, айыл өкмөттөр, айыл башчылары, билим берүү тармагы менен бирге эл арасында ар түрдүү укук бузууларды алдын алуу чараларын жүргүзүү. Милициянын көчмө кабылдамалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүнү колго алуу. Чек-ара аймактарында, өзгөчө Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ар түрдүү куралдуу кагылышууларды алдын алуу үчүн чек-ара кызматы, жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барып, коомдук жайларда, чек-арага жакын аймактарда милициянын кайгуул иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү.
Министр ошондой эле “Жарандар тарабынан “102” линиясына жана оозеки келген чакырууларга тез арада чара көрүп, окуя болгон жерге ыкчам барып, укук бузууларга бөгөт коюу чаралары көрүлсүн. Жаңы Конституция боюнча жаңы мыйзамдардын, кодекстердин долбоорлорун даярдап, ишке ашыруу боюнча тиешелүү уюштуруу иштери көрүлсүн. Жол кырсыктарын алдын алуу, жаш өспүрүмдөр арасында жана аларга карата жасалган кылмыштарды болтурбоо, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, коомдук жайларда жасалган кылмыштарга бөгөт коюу иштери күчөтүлсүн. 2-июндан баштап, 8-июнга чейин жана андан ары белгиленген мөөнөттөрдө жалпы 115 айыл өкмөттөрдү шайлоо, 13 шаардык мэрияларда мэрлерди шайлоо өткөрүлөт. Ошондуктан, жергиликтүү шайлоо комиссиялары жана бийлик органдары менен тыгыз иш алып барып, укук бузууларды алдын алуу иштери мыйзам чегинде жүргүзүлсүн жана ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, кылмыштуулук менен күрөшүүдогу ишмердүүлүгүндө ар бир кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так жана мыйзам чегинде туура аткарып, санитардык-эпидемиялык нормаларды сактасын”, -деди өз сөзүн жыйынтыктап жатып Улан Ниязбеков.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги онлайн-кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакты шартына жараша өткөрүп турат. Аталган онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен да милициянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча иш пландар иштелип жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча уюштуруучулук чечимдер кабыл алынат.
ИИМдин Басма сөз кызматы