Бүгүн 24-май 2021 жылы, Чүй областына караштуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Шаршеналиев Нурлан Алтымышович, өзүнүн кызмат ордундагы соңку күнүн калкты тейлөө борборунун курулуш иштерине капсула салуу менен жыйынтыктады. Капсула салууда Нурлан Алтымышович Кемин элине ыраазычылык билдирип, элибиздин ак батасын алды.
Мындай жаңылыгы менен фейсбук колдонуучу Салтанат Урулдаева бөлүштү. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
«Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин жарлыгы менен, Жалал-Абад областына караштуу Ноокен районуна аким болуп шайланган. Элибиз ичинен күйүп турса дагы өсчү жигитти кармабай, ак жол тилеп, узатышты!
Канча деген проектери ишке ашуу жолунда турганда кетип калышы, бизге кыйын болуп турат. Бирок, бир райондун жашоосун гана түшүнбөстөн, түштүк-түндүк элинин жашоосун түшүнүп, келечекте жалпы кыргыз эли үчүн кызмат кыла турган даражага жетет — деген ишеним менен, өсө турган жигитибизди Ноокен элине узаттык.
Мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, ушул кезге чейин чогуу кызматта болгон жергиликтүү бийликтин адамдары (мэр, айыл өкмөт башчылары, төрага, депутат), активисттер, КБ мүчөлөрү, бир чети кайгырып турса, бир чети өсүү жолунда болушуна тилектеш экендерин айтышып, каалоо-тилектерин айтып узатышты!
«Адилет КУТ» элдик кыймылынын Кемин районундагы, айыл-өкмөт боюнча кураторлору да келишип, ыраазычылыктарын билгизип, кандай күчтүү, адамкерчиликтүү башчы болгонун айтып, көздөрүнөн жаш алышты. Андан тышкары «Акыйкат, укук коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрайымы өз коллективи менен да келип узатып кетишти.
Айта берсек кайгырбаган адам жок. Баары эле, терең ыраазычылыгын айтып, жалпы кыргыз эли үчүн кызмат кылган чоң даражага жет — деп бата берип жатышты!
Урматтуу Нурлан Алтымышович, жолуңуз шыдыр, жолдошуңуз кыдыр болсун! Барган жериңизден бир гана алкыш угуп, Ноокен элинин сүймөнчүлүгү болуңуз! Жеринин гүлдөшүнө салым кошуңуз! Биз, Кеминдиктер сиз менен сыймыктанабыз!
Бар болуңуз, аман болуңуз!» — деп жазылган маалыматта.
Өкмөттүн Чүй облустундагы өкүлү Тентишев Эркин Нурлан Шаршеналиевге «Чүй областынын ардактуу атуулу» кеменгер сыйлыгын тапшырды. Мындай маалыматты өздүк булактардан кабарлашты.