Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын алкагында Сочи шаарында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Маалыматка караганда эки өлкө башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
«Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны тынчтык жолу менен чечүү үчүн колунан келген аракетти жасайт», — деди Путин.