Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдөн соң, бир аз убакыт таза абада сейилдеп, андан кийин коштошту.

Кадрларда көрүнүп тургандай, эки лидер сыртта сүйлөшүп туруп, кийин Путин кыргызстандык кесиптешин узатып коёт.

Жолугушуу Сочи шаарында өттү. Президенттер эки тараптуу кызматташтык, коронавируска каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак жана башка курч көйгөйлөргө токтолушту.