«Баткенге жардам иретинде чогултулган каражат жең ичинен болуп кетпесин» деген пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бурул
Аманова билдирди.
«Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн 200 миллион сом керектелет деп айтылды. Элден түшкөн каражат 86 миллион сом болчу. Жеке компаниялар дагы үйлөрдү курууга жардам беребиз деген маалыматтар бар. Курулуш компаниялардын өкүлдөрүн чакырып, иш алып баруу керек. Элден чогулган каражат тууралуу маселени жең ичинен болуп кетпесин деген ниетте айтып жатам», — деди эл өкүлү.