Бишкек шаардык мэрия ордо калаага мектеп жана бала бакча салууга кайрадан тендер жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, тендерден уткандар Ак-Ордо жаңы конушундагы Тагай-Бий көчөсү менен Садыр-Аке көчөсүнүн кесилишине мектеп, Дордой жаңы конушуна бала бакча курат. Буга чейин жарыяланган тендер «Мамлекеттик сатып алуу» мыйзамына тиешелүү 31-берененин 1-пунктунун 2-бөлүмү жана 29-берененин 1-пунктунун 6-бөлүмүнө ылайык өткөн жок деп таанылган.

«Тендерди мэрияга караштуу Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы уюштурат.  Ак-Ордого салынчу мектептин сметалык баасы 195 миллион 959 миң 79 сомду түзсө, Дордойго курулчу бала бакча үчүн 48 миллион 398 миң 113 сом каралган», — деп айтылат маалыматта.

Каржы булагы шаардык бюджеттен экени кошумчаланды.