Убактылуу чектөө киргизилген кыргыз-тажик чек ара бекеттеринен дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эки өлкөнүн расмий органдарынан уруксат алган адамдар тоскоолдуксуз өтө алышат.

Ошондой эле, Тажикстанда жүргөн кыргыз жарандары да чек арадан өтсө болот. Мындай шарт Кыргызстандагы тажик жарандарына да каралган. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы таратты.
Белгилей кетсек, азыркы тапта кыргыз-тажик чек арасындагы «Кулунду-автожол», «Кайрагачавтожол», «Кызыл-Бел-автожол», «Бордөбө-автожол» жана «Карамык-автожол» бекеттерине убактылуу чектөө киргизилген. Ага ылайык, аталган чек ара бекеттеринен адамдар, транспорт каражаттары, жүк өткөрүлбөйт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 24-майда олуттуу маселелер
чечилмейинче кыргыз-тажик чек арасындагы кыймылды толук токтотуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирген.