Кыргызстанда 25-майга карата коронавирус дагы 298 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза болду.  Бул тууралуу  брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 144,

Ош шаарында – 23,

Чүй облусунда – 86,

Ош облусунда – 7,

Талас облусунда – 2,

Нарын облусунда – 13,

Ысык-Көл облусунда – 18,

Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 314 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 8 бейтап каза болду.