Ысык-Көл облусунун прокурору болуп Абдибакыт Халмурзаев дайындалды. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, прокурор бүгүн, 25-майда коллективге тааныштырылды.
Халмурзаев өкмөттүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
Буга чейин Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кеткен.