Түрк ишкерлери Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар
2021-жылдын 24-майында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Элазыг провинциясынын Соода жана өнөр-жай палатасынын президенти Асилхан Арслан менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, элчи Өмүралиев курулуш, кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайы жана башка тармактардагы конкреттүү инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды.
Мындан тышкары, ал өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө бажы алымдары жок, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Кытайга экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруп, буга байланыштуу Кыргызстанда өндүрүш ачууну сунуштады.
Элазыг Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Асилхан Арслан 2021-жылдын 13-14-майында TOВВ делегациясынын курамында Бишкекке иш сапары менен барып келгенден кийин түрк ишкерлери Кыргызстанда келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, биздин өлкөдө бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экендигин айтты.
Соода жана өнөр-жай палатасынын башчысы жакынкы аралыкта бардык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп чыгып, конкреттүү долбоорлор ишке ашырыларына ишенимин билдирди.