Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз режиссеру Садык Шер-Ниязга «Элдердин достугу» орденин тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 25-майда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өттү.

Иш-чарага президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев, белгилүү коомдук- маданий ишмерлер, кино индустриясынын өкүлдөрү катышты.

Сыйлыкты Казакстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси Рапил Жошыбаев тапшырды. Ал өз сөзүндө президент Токаев Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка» тасмасын жогору баалай тургандыгын эскерип, бул сыйлык менен ал бул тарыхый фильмдин маанисин жана Садык Шер-Нияздын азыркы кыргыз маданиятындагы ордун баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Садык Шер-Ниязга президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов белек тапшырды.