Блогер блокКоом

Улуттук Идеология??? Жазуучулар азыр эмне үчүн БЛОГЕР? Акындар эмне үчүн азыр ТАМАДА?

Кароосуз калган адабият менен маданият … Бүгүнкүнүн эле эмес, кечээки менен эртеңкинин ачуу чындыгын жазган Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Бактыгүл Иманбек кызынын ойлорун өзгүртүүсүз беребиз:
«Улуттук Идеология???? Я дээ?
Чын элеби?!!!
Анда эле аягына чейин терикпей, чычалабай чындыкты окуп алыңыздар!
Жазуучулар азыр эмне үчүн БЛОГЕР?
Акындар эмне үчүн азыр ТАМАДА?
Эмне үчүн адабият өксүп калды?
Эмне үчүн Адабият менен бирге Маданият өксүп турат?!
Анткени мамлекет ыр, чыгарма, повесть, аңгеме, пьеса, жазгандарга, анан аларды иштеп чыгып кино, театр, сахнага алып чыгуучуларга бир тыйын бөлбөйт!
Акындар буйрутма ыр жазат…
Жазуучулар буйрутма макала жазат…
Куудулдардын мурду саясатта, акчага маскара болууга дапдаяр!
Ырчылар чөнтөгүнө жараша ыр жаздырат!
Айтор баары курсагынын камын көрүүдө!
Болбосо кантет эле?
Ачка өлүп берет беле, бала бакыра деген бар!
Жетип жетпеген көр оокаттын кысымында наалыкей ырлар, наалыкей чыгармалар гана жаралат!
Изденүү жокко эсе болот!
Мурункудай, мамлекеттик сыйлык үчүн тирешүү, мамлекет жөнөткөн курорттордо жатып жазылган жан эргиткен, биринен бири өткөн баалуу чыгармалар жок азыр!
Маданият десе эле МАНАС, Көк Бөрү, Улак, Той аш, Кооз кооз кош этек көйнөк!
Кызык!!!!!!
Анан каяктагы улуттук идеология жөнүндө кеп козголуп жатат?!!!!
Улуттук идеология деп парад уюштурсаң дагы улуттук идеология түзүлбөйт!
Ойчулдарын, акындарың, жазуучуларың, илимпоздоруң каралбай ачка отурганда, көр оокаттын айынан жазуучуң жалданма блогер, акының той алып барган тамада болуп турганда каяктагы УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯ?!!!
Маданият министирине коңгуроо!!!
СССР алпештеп өткөрүп берген Таттыбүбү Турсунбаева, Чынгыз Айтматов, Алыкул Осмоновдорду бетине кармап көтөрүп чаап, өткөн чак менен сыймыктанып, майрамдап жүрө бербей, УЧУР ЧАКТЫН 2000-2020 жылдардын Алыкул, Чынгыз, Таттыбүбүлөрүнө шарт түзүп келечек муунга боштук калтырбай, маданияттын тарыхын жазып берсин!
Карап турсам баягы эле баягы!!!
Жазмакер, менен төкмөлөр ток болбосо улуттук идеология түзүлбөйт!!!
Эл Экиге бөлүнүп…
Арап менен Батыштын карама каршы идеологиясын сүрөп бирибиз менен бирибиз чабышып жүрүп өтүп кетебиз….
…. оой…. болочоко бирдеме калтыралы БУРАДАР!!!
Төмөнкү жазуучулар үйүнүн кейпин карагыла!!!
Каражат жок имиш!!!
Ак үйдө 120 чоң курсактардын ар биринин креслосу эле 200000 сомдон турат!!!
120 нын көчүгүнүн жайлуулугу маанилүүбү же ушинтип майдаланып уюм уюмга бөлүнүп улут катары жок болуп кетүү коркунучунун алдын алган, демилге маанилүүбү?!!!!» — деп жазган Бактыгүл Иманбек кызы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button