Молдованка айылында 25-майдан 26-майга караган түнү саат 02:40та Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинен соттолгондор 58 жаштагы Т.Т. жана 22 жаштагы К.И. башкы тосмо аркылуу качууга аракет кылышкан.Бул тууралуу ЖАМК басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, түзөтүү мекемелерин коргоо жана камакта жаткан соттолгондорду коштоп жүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери кыраакылыгын көрсөтүшүп, качууга аракет кылгандарды чектелген акмактан таап, эскертүү ирээтиде абага ок чыгарышкан. Андан кийин атууну башташып, анын натыйжасында бири каза болуп, экинчиси кармалды.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмыштары (адам өлтүрүү, жашы жете электи зордуктоо) үчүн жаза өтөп жатышкан. Качкындар 10 жана 21 жылга эркинен ажыратылгандар болгон.

Ыкчам-тергөө тобу качуу аракети боюнча иликтөөнү баштады. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.