Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду, сел өтүүчү каналды кум-шагылга толтурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-май күнү саат 16:20 чамасында Лейлек районунун Тогуз-Булак, Узун-Сай айыл аймагында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Исфана шаарынын Узун-Сай, Тогуз-Булак айыл аймагындагы Тогуз-Булак айылынын Күңгөй, Кожо тилкесин, Сумбула айыл аймагындагы Искара айылынын жана Сары-Дөбө айылынан Тешик-Таш, Майдан тилкесинде сай менен сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду, сел өтүүчү каналды кум шагылга толтуруп, 30 метр габион сеткаларын бузуп кеткен.

Турак үйлөргө жана эгин талааларга коркунуч келтирилген эмес.

25-май күнү тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп, 26-май күнү жумуш башталат.