2020-жылдын август айынан 2021-жылдын 24-майына чейин 5749 жаран салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын жойду. Аларга карата 256,7 млн сом туум жана санкция эсептен чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык карызынан бюджетке 312,6 млн сом салык карызынын негизги суммасы төлөндү. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын туумдарынан бюджетке 148,7 млн сом түштү.

«Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, жарандар карыздын негизги суммасын төлөп, туум, санкция жана айып пулдарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат.