Бул тууралуу кечээ, 25-майда Россиянын почта кызматынын расмий сайтына билдирүү чыкты. Ага ылайык мындан ары бир килограммга жетпеген жүк Кыргызстанга 498 рублга жеткирилет. Мурда бул кызмат 1046 рубль болчу. Жакын арада «Кыргыз почтасы» да Россияга жүк жеткирүү акысын арзандатары каралууда.

«Орусия Почтасы» акционердик коомунун электрондук коммерция боюнча директору Алексей Скатин акыркы учурда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн арасында почта менен жүк жеткирүүгө талап 9 пайызга жогорулап, бир жылда 327 миң жүк жеткирүү катталганын айтат.

Скатин расмий билдирүүдө: «Биз жүк жеткирүү наркын арзандатуу менен интернет дүкөндөр жана чакан ишкерлер, соодагерлерге ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөдүк. Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө чакан ишкердик абдан кыйналууда. Өлкөлөр арасындагы соода алаканы мындай кадам жакшыртат деген ишенимдебиз», — деген.

2020-жылдын аягында Армения менен почта байланыш арзандап, орус-армян товар айлануусу мурдагы жылдарга салыштырмалуу 140% жогорулаган.

Россияда Кыргызстандан барган мигранттардын расмий эсеби 600 миңден ашуун.

Бейрасмий эсеп боюнча 1 миллиондон көп эмгек мигранты бул өлкөдө эмгектенет.

Алар жүк жиберүүнү көбүнесе жеке компаниялар жана адамдар тарабынан ишке ашырат. Россия менен Кыргызстандын ортосунда интернет соодасы да өнүгө элек.