КРдин Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, обончу Бек Борбиев жубайына арнап 2017-жылы тамашалуу ыр жазган. Коомдо болуп  жаткан ар кандай терс окуялардан бир аз оолактап, төмөндө Бек аганын азил- чыны аралаш жазылган ырын сунуштайбыз:

 

Сүйбөй ким Токтогулга бармак эле

Үйгө алпаргам колуңдан кармап эле

Эстечи, катуу тийсе кечирип кой

Мен албасам ким сени алмак эле)

 

А баса, курсташың алмак эле

Сүйүүсүн жүрчү эле го арнап эле

Бою пас эле анын, элестетсең

Балдарын кодоюшуп калмак эле

 

Мага эми.. айтпайм ээ жалган эле

Канчасы чуркап жетпей калган эле

Кылгырып далай сулуу калды чынбы

Кыздарга бир жылмаюм арман эле)

 

Эртеле бүтүп ойлор ойсоң-ойсоң

Жакшы,- дешти Нарындан койду сойсом

Ушул ыр жазылбастан калмак экен

Ошондо Токтогулга барбай койсоң))

 

Мен менен, турмуш менен алышасың

Жашарып кыздар менен жарышасың

Коп болду башкаралбай калдым чыны

Эми сен тилим өтпөс ханышасың

 

Кыңк десем, коркуп турам чындыгында

Ханыша эмес, башым алаар «падышасың»