Бул тууралуу экс-депутат Нурзат Осмонова фейсбуктагы  баракчасына жазды. Анын айтымында, тажик таксист  айдоочулук күбөлүктү Кыргызстандан 300 долларга сатып алганын айткан.

“Жакында Москвада такси чакырсам, тажик таксист келди. Аны менен айдоочулук күбөлүк жөнүндө сүйлөшө баштадык. Москвадагы тажик таксисттеринин бардыгы кыргыз айдоочулук күбөлүктөрү менен таксиге отурушат. Таксист Москвада кыргыз айдоочулук күбөлүктөрү келтирилет дейт, тажиктер андай эмес. 200-300 долларга биздин укуктарды сатып алышат! Москвада канча тажик таксисти бар деген статистиканы деле билбейм. GDS KR кызматын көзөмөлдөгөн органдар сиз кайда жүрөсүздөр?”-деди ал.