Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 26-майда, Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйүнбек Касмамбетов кыска мөөнөтүү жана узак мөөнөттүү пландарга жана милдеттерге, бардык мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара кызматташууну камсыз кылуу жана күчөтүү чараларына басым жасады.

Президенттин администрация жетекчиси мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, ошондой эле жарандык коом институттары менен жигердүү иш алпарууну камсыздоонун маанисин белгиледи.