28–30-апрель күндөрү, Баткен облусунун Тажикстан менен чек арасында болуп өткөн окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси жана колдоосу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уюштуруусу астында эс алуу уюштурулду.
Облустун чек аралаш аймактарынан барган 140 бала, 6 мугалим 10 күн бою Ысык-Көл облусунда эс алууда болушат.
Андан соң балдар Баткен облусундагы Кадамжай “Семетей” лицейинде дагы 15 күн эс алышат.
Балдарды КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана район-шаар башчылары узатып, аларга көңүлдүү эс алуу каалашты. Балдар бүгүн Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учушат.
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы