Кыргызстанда жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын дагы 376 учуру аныкталып, 8 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Бишкек шаарында 238

Ош шаарында — 17,

Чүй облусунда — 66,

Ошто — 14,

Таласта — 4,

Нарында — 5,

Ысык-Көлдө — 21,

Жалал-Абадда — 9,

Баткенде — 2 учур катталды.

 

2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 103 583 учуру катталды.

 

Өлкөдө бир сутка ичинде дагы сегиз адам коронавирустан көз жумду.

Үч өлүм Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, бирден каза болгондор Нарын жана Ысык-Көл облустарында катталды.

 

2020-жылдын март айынан бери республикада 1781 адам каза болду.