Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата  шаарында көлгө чөгүп кеткен баланын жансыз денеси табылды, деп билдирет ӨКМ дин басма сөз кызматы.

«Такталган маалымат боюнча Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаарындагы пляжда эс алып жүргөн 2005-жылы туулган өспүрүм, көлгө чөгүп кеткен. Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, баланын жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»-деп айтылат билдирүүдө.