«Кумтөр» кенинде иш кадимкидей уланууда, деп билдирет «Кумтөр Голд Компани» ЖАК.

Компаниянын маалыматы боюнча, алтын казуу иштери планга ылайык жүрүп жатат.

«Буга кенди кыдырып чыккан компаниянын убактылуу менеджери Тенгиз Бөлтүрүк өзү күбө экенин билдирди. Ал карьердеги жана кайра иштетүүчү заводдогу иштин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле ал башкармалыктын жетекчилери жана Кумтөрдүн командасы менен жолугушуу өткөрдү », — деп айтылат билдирүүдө.