Бүгүнкү күндө, жаңы кодекстердин күчүнө кирип жана алардын талаптарын ишке ашырууда, өлкөнүн укук тутумунда кыйынчылык кырдаал жаралды. Жаңы кабыл алынган жазык-соттук өндүрүш концепциясына ылайык, эки жылдын ичинде ички иштер органдарынын ыкчам бөлүмдөрү кылмыштуулук менен курөшүүдө өз-алдынчалыгын жоготуп, толук кандуу иш-чараларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Албетте, коом өнүгүп өзгөргөн сайын мыйзамдар да өркүндөп өсүүсү зарыл жана пайдалуу. Бирок, мыйзамдарды өзгөртүүдө илимий жактан негизделген жана иш жүзүндө такталган кесипкөйлүк көз караш менен мамиле кылып, тескерисинче кээ бир кызыкдар болгон жеке тобтордун кызыкчылыктары үчүн, шашылыш кабыл алынышы керек эмес.

Биздин оюбузча, жазык соттук өндүрүштүн жол-жобосун жөнгө салуучу мыйзамдык жоболорду өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ырааттуулугуна, жарандардын мыйзамдарга жана мамлекеттин иш-аракеттерине ишеним принцибин сактоого негизделиши керек, бул укуктук жөнгө салуунун акылга сыярлык туруктуулугун сактоону жана колдонулуп жаткан ченемдер тутумуна өзүм билемдик менен өзгөртүү киргизүүгө жол бербөөнү болжолдойт.

Ошентип, соттук укуктук реформа жүргүзүлүшү менен, тарыхый калыптанып калган кылмыштуулук менен күрөшүү тутуму бузулду, тактап айтканда, 2019-жылдын 1-январынан баштап ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү өз алдынчалыгын жана кылмышты алдын алуу күчүн жоготту. Ички иштер органдарынын ыкчам бөлүмдөрү сотко чейинки өндүрүш органдарынан көз каранды болуп, анын көзөмөлүндө болуп калды. Бул ченемдин кириши менен укуктук реформа жөнгө салынып өркүндөтүлдү деп эсептөөгө болбойт.

Ушуга ылайык, тергөөчүлөргө жана тергөө органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлерине кылмыштын бетин ачуу милдети жүктөлүп, ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан тергөө буйруктарын жана атайын тергөө амалдарын аткаруу каралган. (Тактап айтканда ыкчам кызматкерлерлер, кандай оор кылмыш болсо дагы тергөөчүнүн буйругусуз эч нерсе кыла алышпайт)

Жакынкы келечекте мындай ыкма кылмыш процесстеринин токтоп калышына, кылмыштуулукка, анын өсүшүнө жана жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам бөлүмдөрдүн аракетсиздигине эң жакшы шарт түзөт. Эң негизгиси жарандардын жана коомдун укук коргоо органдарына жана жалпы мамлекетке карата нааразычылыкты жана ишенбөөчүлүктү жаратат. Себеби 2019-жылы кабыл алынган шалаакы мыйзам ага такыр ыйламак тургай, бири-бирибизди асып салсак дагы жол бербейт.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоору менен таанышып чыгып, ушул мыйзамдык актыны иштеп чыгуучулар укук колдонуу практикасынын талаптарын, коомдун жана мамлекеттин кылмыштуулуктан корголушун камсыз кылуунун кызыкчылыктарын эске алышпагандыгы, тагыраак айтканда, ыкчам бөлүмдөргө өз алдынча иш жүргүзүү укугун кайрадан кайтарып беришкен эмес деген тыянак чыгарсак болот. Ыкчам издөө иш-аракеттери.

Демек, бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын ыкчам бөлүктөрү дээрлик шал болуп, кылмышкерлерге карата күтүү абалында турушат, бул негизинен Жазык-процесстик кодексинин милдеттерине такыр дал келбейт.

Белгилей кетүүчү нерсе, учурда кылмыш ишин козгоонун сапатын жогорулатуу жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча декларативдик ураандарга жамынып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө натыйжалуу механизмдердин бири болгон ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүн алсыздандырып жана жок кылуу жүрүп жатат.

Негизинен, сунушталып жаткан жаңылыктардын эң негизгиси, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик укук коргоо тутумундагы ыкчам бөлүмдөрдүн ролун төмөндөтүп, адвокаттардын, кылмыш жасаган деп шектелген жана айыпталуучулардын укугун коргоо үчүн жагымдуу шарттарды ачыктан-ачык түзүп берип жатат.

Дүйнө жүзүндө Эл аралык тажрыйбаны изилдөө көрсөткөндөй жазык соттук өндүрүшүнүн мындай моделдери, ал тургай, жазык соттук өндүрүшү түпкү таамырынан бери өзгөргөн мамлекеттерде  (Украина, Грузия, Балтия, Казакстан ) кездешпейт жана тергөө тарабынан берилүүчү жашыруун  атайын тергөө амалдарынан сырткары, ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн негизинде ыкчам-издөө иш-чаралары тергөө кызматынан көз карандысыз эле жүргүзүлөт. Кыргызстан болсо өзүнүн жарандарын өздөрү темир торго жеңил түрдө тыгып берип жатат.

Ал эми Европанын өлкөлөрүндө (Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары) баардык жерде кылмыштуулукту териштирүүнүн эки түрү бар:

— Эркин,  ыкчам  кызматкерлердин жашыруун иш-чараларын жүргүзүүсү;

— Бекем, алдын-ала тергөө ишинин алкагында иш-чараларды жүргүзүүсү;

Мындан тышкары, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө ыкчам бөлүктөрдүн көз карандысыздыгына карата позицияны кармануу менен тарыхый фактыларды айткым келет.

1917-жылдын 4-декабрындагы Убактылуу Өкмөттүн Ички иштер элдик комиссариатынын  кылмыш иликтөө бөлүмүн жоюу жөнүндө чечиминде «бул жакшы мекеме», «жашыруун полициядан такыр айырмаланбайт, эч качан жумушчулар менен дыйкандарга кызмат кылган эмес жана эми аларга эмес, тескерисинче аларга каршы кызмат кылат» деп белгилеген.

Ушунун кесепетинен ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү жокко чыгып, кылмыштуулуктун кеңири жайылышына алып келген жана пайда болгон жагымсыз түзүлгөн кырдаал тескерисинче, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн уюштуруучулук-укуктук формаларын эртерээк өнүктүрүүнү, ошондой эле ыкчам-иликтөө ишмердүүлүктү жандандырууну талап кылып, анын  көз карандысыз болуп, бөлүүнүнү талап кылды.

Жыйынтыгында идеологиялык иллюзияларды жеңип, 1918-жылы 5-октябрда РСФСРдин НКВДсы «Кылмыш иликтөө бөлүмүн уюштуруу жөнүндө» жобону бекиткен.

Ошентип, тарых сабактары өзүнчө жашоо зарылдыгын дагы бир жолу тастыктады, анын негизинде ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү жана кылмыш-процесстик процесстердин мындай түрлөрү 155 жылдан бери алгылыктуу жана  ийгиликтүү иштеп   келе жатат. Бирок, бизге түшүнүксүз себептерден улам, жаңы Жазык-процессуалдык кодексинин (2019-ж.) Авторлорунун тобу, айтмакчы, укук жаатындагы теоретиктер, ошондой эле бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери дагы, эч кандай илимий жана башка негиздемелерсиз эле, мурдагы кодекстерди натыйжасыз жана кемчиликтүү деп эсептешет. Ушуга байланыштуу, эгерде азыркы жазык соттук өндүрүш концепциясы  боюнча түшүнүк өзгөрүүсүз калса, анда төмөнкү кайтарылгыс кесепеттер күтүлүшү керек деп ойлойбуз:

1. Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү өз алдынчалыгын жана алдын алуу мүнөзүн жоготот;

2. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин алсыздыгы  жана аракетсиздиги. Ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин иши, тергөө буйруктарын аткаруудан жана атайын  тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүдөн гана турат;

3. КЖБРге текшерилбеген маалыматтарды киргизүү;

4. Ыкчам кызматкерлердин кесипкөйлүк ыкчам чеберчилигинин жөндөмдөрүн жоготушу;

5.  Ыкчам бөлүмдөрдүн санын кыскартуу;

6. Жалпы жана уюшкан кылмыштуулуктун, анын ичинде экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштардын өз алдынча  алдын-алуу, бөгөт коюуу иш-чараларын жүргүзүнүн жоктугу;

7. Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүн уюштуруунун жана тактикасынын жашыруун сырын ачыкка чыгаруу мүмкүнчүлүгү жогорулашы;

8. Кылмышкерлер тарабынан көмүскө ыкмаларды жана ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүн өткөрүү ыкмаларын үйрөнүп алышы;

9. Жашыруун кызматташууда турган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирилиши менен алар тараптан жашыруун  кызматташуудан баш тартуусу;

10. Тергөө бөлүмдөрүнүн ишинин көлөмүнүн көбөйүшү;

11. Республиканын аймагында криминалдык абалынын татаалданышы;

12. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларынын декларативдүүлүгү;

13. Жазык процессинде божомолдоо далилдерди колдонуу;

14. Атайын кызматтарга окшогон ыкчам бөлүмдөрдүн ишиндеги купуялуулукту күчөтүү;

15. Укук коргоо органдарынын жана жалпы мамлекеттин ишине карата коомдун жана жарандардын позитивдүү мамилесинин төмөндөшү.

Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктап жатып, биз кабыл алынган жазык сот өндүрүшүнүн гибриддик концепциясы Кыргыз Республикасынын укук тутуму үчүн алгылыктуу эмес экендигин белгилей кетүү зарыл деп эсептейбиз! Анткени анда өлкөдөгү кылмыштуу кырдаалды татаалдаштыруу коркунучу бар (кылмыштардын көбөйүшү, алардын бетинин ачылышынын азайышы), укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кылмыштуулукка каршы аракеттенүүсүнүн төмөндөшү, тергөө органдарына жүктү көбөйтүү, жарандардын мыйзамга жана жалпы мамлекетке болгон ишенимин жоготууга алып келет.

Ошондуктан, мындай түшүнүк дүйнөнүн бир дагы мамлекетинде колдонулбайт, бардык жерде ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү кылмыш процесси менен катарлаш жүргүзүлүп, ыкчам-издөө иш-чараларын милдеттүү коштоосу менен жүргүзүлөт.

Жогоруда келтирилген көйгөйлүү жагдайларды эске алып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан сунушталып жаткан Жазык-процессуалдык кодексинин 39-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-п. төмөндөгүдөй кошумчаны киргизүүнү өтүнөбүз.

“Ыкчам кызматкерлер тарабынан өз алдынча ыкчам-издөө иш-чаралары кылмыштуулук менен күрөшүдө алдын-алуу, бөгөт коюуу, аныктоо, бетин ачуу жана  издөө иштери жүргүзүлөт”.

Урматтуу КР Президенти Садыр Нургожоевич, мамлекетте кылмыштуулук азайып, элдин жана мамлекеттин тагдыры менен ойногон 2019-жылдагы мыйзамды жокко чыгаруу Сиздин гана колуңузда. Кайрадан жазык соттук өндүрүш концепциясы боюнча түшүнүк өзгөрүүсүз калса, элдин жана  президенттин шору…Дегенибиз, карапайым калк мыйзамды түшүнбөй Сиздин кадр системасына толугу менен нараазычылык билдирип, чоң түшүнбөстүктөр пайда болушу мүмкүн! Андыктан капталын жеген карышкырларга, чет өлкөнүн нан жеп, жанын жеген шылуундарга ишенбей, карапайым калкты ойлоп мыйзамга тыкыр көзөмөл кыласыз деген үмүттөмүн.