Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Тургунбеков Канатбек Тургунбекович Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.