Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Талкуу жүрүшүндө депутат Абдывахап Нурбаев аймакка инвестиция тартуу үчүн ишкерлерди салыктардан бошотуп, текшерүүлөргө беш жылга мораторий жарыялоону сунуштады.

«Азыр адамдар билим жана медицина жакшы жерде жашоого кетип жатышат. Жеке менчик мектептерди Баткенге тартышыбыз керек. Аларга мектептерди курууга бекер жер бергиле », — деди эл өкүлү.

Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин айтымында, министрлер кабинети айрым айылдарды салыктардан толук бошотуу маселесин карап жатат.

«Айрым чек ара айылдары салыктан бошотулат. Бул жеке менчик мектептерге дагы, бизнес объектилерине дагы тиешелүү », — деди Данияр Иманалиев.

Ошондой эле депутат Абдывахап Нурбаев жерлерди трансформациялоо маселелерин облус башчысына өткөрүп берүүнү сунуштады.

«Өкмөт жерди трансформациялоо маселесин эки жылдан бери карап жатат. Ушул убакыттын ичинде айрым инвесторлор чыгып кетишти. Ал эми Баткенде бул маселени тез арада чечсе болот », — деди ал.

Белгилей кетсек, парламент “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда үчүнчү жолу карап жатат. Баяндамачылардын даярдыгы жок болгондуктан, депутаттар эки жолу суроону кийинкиге калтырышты.