Тажикстан Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсен Мажитовду өткөрүп берүүнү талап кылууну улантууда. Бул тууралуу депутат Бурул Аманова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Эсен Мажитовго Кыргызстандын бир дагы мамлекеттик органы жардам көрсөтпөй жатат.

«Бишкектен эч ким чалып, сураган жок. Тажикстандын прокуратурасы экстрадициялоо боюнча дагы бир өтүнүч жөнөттү. Биздин Башкы прокуратура анын Бишкекке которулушун камсыздашы керек », — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсен Мажитов 18-апрелде Нижний Новгород шаарында Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өтүнүчү менен кармалган. Туугандарынын айтымында, тажик бийлиги ага каршы былтыр 8-майда чек арада болгон чыр боюнча кылмыш ишин козгогон. Эсен Мажитов башаламандыкка катышкан деп айыпталууда.

Эске салсак, 10-майда Эсен Мажитовдун уулу Президент Садыр Жапаров менен жолугушкан. Анда Мамлекет башчысы атасына жардам берүүнү убада кылган.