Бишкекте Elite House курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Тимур Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип жатканы такталды.

«Курулуш компаниясынын жетекчиси мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган, аны ведомстволор аралык тергөө тобу иликтөөдө. Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын тандайт ”, — деп айтылат билдирүүдө.