2021-жылдын 27-май күнү Ички иштер министрлигинде ИИМдин Коомдук кеңешинин отуруму болуп өттү. Отурумга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурлан Исмаилов, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысынын орун басары Айбек Жайлообаев, ИИМдин Республикалык окуу борборунун башчысынын орун басары милициянын полковниги Асел Осмонова, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Жолболду Кочконов жана Коомдук кеңештин мүчөлөрү катышышты.

 


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов катышуучуларды жыйындын регламенти жана талкууга коюлган маселелер менен тааныштырды. Тактап айтканда, Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда Ички иштер министрлигинин иши жана 2020-жылга карата Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы планын ишке ашыруу жана ички иштер органдарындагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып Тажикстан менен чек арадагы куралдуу жаңжал республиканын укук коргоо кызматкерлери үчүн гана эмес, Кыргызстандын жарандары үчүн да оор сыноо болуп калды. Бул чыр-чатактын кесепетинен жарандар жана күч органдарынын кызматкерлери оор жоготууларга учурады, анын ичинде биз үч кызматкерден айрылдык, бир нече кызматкер биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүн коргоп, оор жаракат алышты.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов баяндама кылды. Ал Куралдуу кагылышуунун катаал күндөрүнөн өткөн Баткен районунун бардык чек арадагы айылдары толугу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жана ИИМдин Ички Аскерлеринин кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынды. Кызматкерлер блокпостторду орнотуп, патрулдук милициянын топтору күнү-түнү коомдук тартипти камсыз кылышты. Ыкчам тергөө топтору уюштурулду. Мындан тышкары, Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга катышкан ички иштер министрлигинин жана анын ички аскерлеринин күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо максатында ИИМдин Ыкчам штабы түзүлдү. Ошондой эле, жалпысынан, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо максатында Баткен облусуна милиция кызматкерлери жана ИИМдин Ички аскерлери тартылып, 53 кайгуул-күзөт каттамы уюштурулду.
Коомдук кеңештин төрагасы Баткен облусундагы кайгылуу окуялар ички иштер органдарынын иши канчалык маанилүү экендигин көрсөттү деп белгиледи. Ал айрыкча Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызматкерлеринин салымын белгиледи. «Дал ушул биздин кызматкерлер колуна курал алып, биздин Мекенибиздин чек араларын коргоп, тартипти камсыз кылып, элибиздин күзөтүндө турушту. Мындай трагедия кайталанбашы керек. Аларды дипломатиялык жолдор менен, сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечиш керек. Бирок курал-жарак менен эмес. Натыйжада, карапайым адамдар, анын ичинде балдар дагы каза болушту, — деди ал.
Андан соң, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун башчысынын орун басары милициянын полковниги Асел Осмонова баяндама жасады. Ал өз сөзүндө ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынынын кызматкерлери менен биргеликте Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын сакталышы боюнча туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштар киргизилген. Телекөрсөтүү, интернет булактары жана башка медиа булактарын пайдалануу менен кеңейтилген маалымат өнөктүгү жүргүзүлдү. Ошентип, 2020-жылы Этика комиссиясы кызматкерлерге карата 5 материалды карап чыгып, алар боюнча тиешелүү сунуштарды киргиздик деди Асел Осмонова
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Жолболду Кочконов коомдук кенештин мүчөлөрүнө 2020 жылдын 12 ай ичинде мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин абалы жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, ал кызматкерлер арасында профилактикалык иштерди күчөтүп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча лекциялар ар дайым өткөрүлүп тургандыгына токтолду. Жыйындын жүрүшү суроо жооп менен улантылды
Чогулуштун соңунда ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата милиция кызматкерлеринин балдары үчүн Фламинго паркына барып эс алууга отуз мин сомдук билеттерди бекер тапшырды.
ИИМдин Басма сөз кызматы