Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын шайлоо 26-июнь күнү өтөт. Бул тууралуу муфтият кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн Аалымдар кеңешинин жыйыны өтүп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу муфтийди тандай турчу Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жылдырылганы белгиленди.

«Ошондой эле каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынды. КМДБнын уставында көрсөтүлгөн эрежеге ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жана Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин кызмат ордуна талапкерлерди кайрадан каттоо жүргүзүлүп, конкурс өткөрүлмөкчү», — деп айтылат билдирмеде.

Аалымдар кеңешинин жыйынына анын мүчөлөрү менен биргеликте муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев катышкан.
Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн тандап, андан соң курултайдын негизинде муфтийди шайлоо күнү 5-апрелге белгиленген. Бирок андан да айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолтоо болгону айтылып, 29-майга жылдырылган.

Көп өтпөй Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Абдиманап Масалиев кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо мамлекеттик кызматкерлердин кийлигишүүсүнөн улам өтпөй калганын билдирген.