Коом
Кыргызстанда картошканын экспорту 1,5 эсеге өстү. Статистика
Кыргызстанда картошканын экспорту дээрлик 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-март айында чет өлкөгө 14,9 миң тонна картошка жөнөтүлгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги экспорт 10,6 миң тоннаны түзгөн. Анткен менен быйыл экспорттун көлөмү көбөйгөнү менен арзаныраак сатылган. Тагыраагы, 2021-жылы картошканын экспортунан 117,7 миллион сом (дээрлик 1,4 миллион доллар) түшсө, 2020-жылы 134,2 миллион сом болгон.