Күн караманын куурулган даны организмге терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу эндокринолог Зухра Павлова социалдык баракчасы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, семичкенин курамында Омега-6 майлуу кычкылдары көп болгондуктан организмдин сезгенишин күчөтөт. Дарыгер бул азык курсакты тез ачырарын эскертип, аны азыктандыруучу продуктунун катарына кошкон эмес.

«Чийки семичкенин курамында көптөгөн витаминдер жана пайдалуу заттар бар, бирок куурулган соң аларды колдонуу организмдеги картаюу процессин тездетет. Бул азыкта мите курт болушу мүмкүн, ошондуктан семичкени кооптуу азыктын катарына кошууга болот», — деген дарыгер.

Павлова ошондой эле семичке чаккандан кийин адамдын тишинде жарака пайда болушу мүмкүн экенин эскерткен. Чийки семичкени сатып алгандан кийин аны жакшылап чайкап, андан соң кургатып туруп чагууну сунуш кылган.