Саясат

Ташиев: Сиздердин иш-аракеттериңиздин аркасында биздин өлкөнүн эли өз үйлөрүндө тынч уктай алышат

 УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев  чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

 Урматтуу чек ара кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Чек ара күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик чек араны кайтаруу — бул өтө жооптуу жана биздин мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун жана терроризмге, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, аткезчиликке жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү, укук коргоо органдарынын ишин координациялоону талап кылат

Ал эми биздин мекендештерибиздин коопсуздугу сиздердин милдетиңиздерди так аткарууга болгон абийирдүүлүгүңүздөргө көз каранды.

Акыркы окуялардагы, Чек арачылардын аскер кызматкерлери жана Чек ара кызматынын атайын бөлүгүнүн жоокерлери өлкөнүн түштүгүндөгү чек ара аймагындагы чыр-чатак учурундагы сыноодон сапаттуу өтүшү  сиздердин эрдигиңиздин бир катары айтсак болот.

Сиздердин иш-аракеттериңиздин аркасында биздин өлкөнүн эли өз үйлөрүндө тынч уктай алышат.

Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана Кыргыз Республикасы үчүн жанын берген адамдардын элесине башыбызды ийип таазим кылабыз.

Сиздерге чың ден-соолук, ийгилик жана кызматта жетишкендиктерди каалайм!!!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы

генерал-лейтенант

К.К. Ташиев

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button