Баткен шаарындагы Октябрь кинотеатрында «Азиздер жана дүлөйлөр» коомунун жетекчиси жылдык отчетун берди. Бул тууралуу Баткен Медиа борбору билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Эргазы Сабиров бир жыл ичинде аткарылган иштери тууралуу аталган коомдун мүчөлөрүнө маалымат берди. Коомдун максаты мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүү жана кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса чогуу чечүү болуп саналат.

“ Иш-чаранын соңунда Октябрь кинотеатрынын жетекчиси тарабынан «Үнсүз» аталышындагы кино көрсөтүлдү. «Азиздер жана дүлөйлөр» коому Баткен облусунда 15 жылдан бери иш алып барууда. Бүгүнкү күндө Баткен району жана шаары боюнча 350 мүчөсү бар”,-деп айтылат маалыматта.