Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо дайындалгандыгына байланыштуу үгүт иштеринин мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгү кыскартылат. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

«Бул шайлоо кайра кайталанып боло тургандыгына байланыштуу мыйзамда жазылгандай үгүт иштеринин мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгү кыскартылып мурда үгүт иштерине 30 күн берилсе, азыр 20 күн берилет», — деди Маматов.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.