Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аскердик парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн курман болгондон кийин төмөнкү аскер кызматчылары сыйланды:

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Манасбек уулу Нурсултан;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги Юлдашев Бекзодбек Давлатбекович.