27-майынан 6-июнуна чейин Ысык-Көлдө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Жетиген» эл аралык лагери ушул жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 70 бала жана 20 мугалим айым үчүн 10 күндүк күндүзгү сменаны өткөрөт. Бул тууралуу фонддон билдиришти.
9 жаштан 17 жашка чейинки курактагы балдар Ысык-Көлдө «Өзгөрүү желаргысы» эксклюзивдик сменасында эс ала алат. Иш-чаранын максаты – жаңжалдын жүрүшүндө жабыркаган чек арага жакын райондордогу балдарга жана мугалим айымдарга арт-терапия жана психологиялык консультациялар аркылуу психологиялык колдоо көрсөтүү.
«Өзгөрүү желаргысы» сменасы – бул биринчи кезекте жагымдуу чөйрөнү түзүү, ал жерде балдар кесипкөй психологиялык жана психотерапевтикалык жардамды ала алат. Балдар үчүн тематикалык иш-чаралар, спорттук, пляждык активдүүлүк, квест-оюндар, кыргыз улуттук оюндары, чыгармачылык студияларындагы сабактар: медиа, вокал, бий, живопись жана скульптура, кулинардык мастер-класстар, компьютердик сабаттуулук боюнча кыскача курс, англис тилиндеги өнүктүрүүчү оюндар уюштурулат.
Программанын негизги максаты – балдардын толук эс алуусун камсыз кылуучу ыңгайлуу шарттарды түзүү, ден соолукту чыңдоо, аларды чыгармачыл жана интеллектуалдык өнүктүрүү.
Куралдуу жаңжалды башынан өткөргөн балдар жана чоң кишилер психологиялык эстен танууга кабылып, ал жаракат алуудан кийинки синдром түрүндө узак мөөнөткө чейин кесепетин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан квалификациялуу жардам коркууну, эстен танууну, ачууланууну жеңүүгө жардам берет.
Мугалимдер үчүн программа стрессти жана жаракат алуудан кийинки синдромду (ПТРС) башынан өткөргөн балдарга психологиялык жардамды гана эмес, ошондой эле алар менен иштөө методдоруна окутууну болжолдойт.
Ошондой эле иш чара алкагында балдар менен мугалимдер петроглифтер бар жергиликтүү ажайып жерлерге жана музейлерге бара алышат. Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борбору лагердин катышуучулары үчүн акысыз экскурсияны уюштурат. «Асман» долбоорунун ТВ командасы Кыргыз Республикасынын белгилүү аткаруучуларынын катышуусу менен гала концерт өткөрөт.
Кайдыгер эмес адамдардын колдоосунун аркасында ар бир баланы жеке гигиена буюмдары, эс алуу үчүн зарыл кийим жана бут кийим комплекти менен камсыз кылуу уюштурулду.
Иш-чара «Ядран» компаниялар тобунун (Татарстан) жана Кыргызстандагы «БУУ-Айымдар» түзүмүнүн колдоосу менен өтөт.