2021-жылы 28-май күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков менен Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Ички иштер жана коопсуздук боюнча кеңешчиси Мустафа Ырмактын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Ошондой эле, бул жолугушууга Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин биринчи кеңешчиси Йекта Камил Ноян жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Элмира Исакова катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сүйүн Өмүрзаков белгилегендей кызматташуунун келечектүү багыты болуп практикалык тажрыйба менен алмашуу жана Ички иштер министрлигин реформалоо, эл аралык терроризмге каршы күрөш, экстремизмге жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу болуп эсептелет. «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын ортосунда достук мамилелер өнүгүп, өркүндөтүлүп келет. Биз Түркия тарабынан көрсөтүлгөн эбегейсиз моралдык жана материалдык-техникалык колдоону жогору баалайбыз”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков.

Өз кезегинде Мустафа Ырмак Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда Сүйүн Өмүрзаков достук мамилелер эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдап, өнүктүрөөгө ишеним билдирди.

ИИМдин Басма сөз кызматы