«Өзүңөр көрүп тургандай, «Кумтөрдө» бардык бөлүмдөр иштеп жатат, алар өндүрүштүк тапшырмаларды аткарышууда  – фабрика, тоо-кен өндүрүш башкармалыгы, техникалык тейлөө – бардык бөлүмдөр толук кандуу иштешет, азыр эч кандай көйгөй жок» – деди бүгүн, 28-майда журналисттерге өндүрүш боюнча директордун милдетин аткаруучу, алтынды кайра иштетүүчү фабриканын менеджери Нурдин Үсөнов Кумтөр кениндеги пресс-тур учурунда.

Анын айтымында, жабдуулар, сарпталуучу материалдар, реактивдер, шаймандар жагынан бардыгы иретке келтирилген.Ошондой эле, ал маалыматтык инфраструктурадагы көйгөйлөр жоюлгандыгын жана бүгүнкү күндө IT департаменти бардык программаларды иретке келтиргендиктен, бөлүмдөрдүн ортосунда байланыш бар экендигин, жабдуулар толук кандуу иштеп жаткандыгын айтты.
Н.Үсөновдун айтымында, бүгүнкү күндө бардык бөлүмдөр үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылышууда. «Биз Кумтөр кенинде үзгүлтүксүз иштөө үчүн атайын иш-чара уюштурдук – бардык башкармалыктар, алтын иштетүүчү комбинат, тоо-кен өндүрүш башкармалыгы жана бардык бөлүмдөр кадимки режимде иштеп жатышат, көйгөйлөр жок. Бөгөттөлгөн бардык программалык камсыздоо жана компьютер тутумдары калыбына келтирилип, калыбына келтирүү иштерине артыкчылык берилет», — деди ал.
Көлөмдөр азайган жок, анткени жыл сайын өндүрүш планы түзүлүп, ар бир бөлүм ага ылайык иштейт, – деп кошумчалады Н.Усенов.
Мурда кыргызстандыктардын 98,5%ы жана 1,5%ы чет өлкөлүк жарандар болгон, эми өзүңүздөр байкагандай, 100% ы Кыргызстандын жарандары экендигин айтып өттү.