Эндокринолог, диетолог Анна Кривошеева РИА Новости агенттигине ашыкча салмактан арылуу үчүн рационду кантип өзгөртүү керектигин айтып берген.

Адис белгилегендей, арыктайм деген адам алгач ак нандан, таттуу токочтордон, таттуу-тарападан жана кумшекер кошулган азыктардан (йогурт, даяр соус, эттен жасалган жарым фабрикат) баш тартышы керек.

Калориялуу тамактарды, айрыкча таттууну арбын колдонуу инсулинди көп бөлүп чыгарууну шарттайт.

«Эгер инсулин көп болсо ал глюкозаны майга айлантып жибериши ыктымал. Мындан сырткары, салмак кошулуп, организмди май баса баштаганда клеткалар инсулинге таасир этпей калат. Гормон андан да көп бөлүнүп, салмак түшпөй, бир дагы диета жардам бербейт», — деген адис.

Мунун кесепетинен адам өзү эле кант диабетин чакырып алышы ыктымал экени айтылды.