ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен БМЖККК баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенгендерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын операцияны жүргүзүштү. Ички иштер министрлиги кызматкерлер тарабынан мыйзамдын жана кызматтык тартиптин катуу сакталышын, алардын жүрүм-турумунун ар убак көзөмөлдөп келет.

ИИМдин жетекчилиги, Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат.

Жакында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген каналды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операцияны жүргүзүшкөн. Бул атайын операцияны жүргүзүүгө ИИМдин Ички иликтөө кызматы, ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин бир нече кызматтарынын жана башкармалыктарынын кызматкерлери дагы тартылган. Ушул жылдын 28-майында  болжол менен саат 18:00 чамасында  Сокулук районунун  Орок айылында Чүй облусунун жашоочусу 1973-жылы туулган И.А. кармалган. Андан кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Болжол менен ал зат 1685 грамм болгон апийим болгон.

Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул баңгикылмышына шектүү катары  дагы бир жаран Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочусу 1971-жылы туулган С.Н. аныкталган. Шектүүдөн 25 грамм апийим табылып алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жаран С.Н. ИИББдин райондук башкармалыгынын биринде  милиционер-айдоочу болуп иштеп келген.

Азыркы учурда мындан аркы иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы.