Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттин анын жубайынын
туугандарынын жана өлкө жетекчисинин балдарынын мамлекеттик кызматка келишине тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Документ 26-майдан баштап коомдук талкууга коюлган. Ага ылайык, президент жакындарын саясий кызматтарга, дипломатиялык мекемелерге, судьялардын кызмат ордуна жана бюджеттен каржыланган мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилигине дайындоого жана көрсөтүүгө бөгөт коюлат. Алар Жогорку Кеңештин да шайлоосуна да катыша албайт.
Долбоор президент конституциялык ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануусун алдын алып, анын жакындары мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүн четтетүү максатында даярдалган.