Америкалык окумуштуу жана АКШдагы коронавирус жана жугуштуу оорулар боюнча адистеринин бири Питер Хотез COVID-19дун келип чыгышын кылдаттык менен изилдөө керектигин, антпесе адамзат COVID-26 жана COVID-32ге туш болушу мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу NBC News билдирди.

«Коронавирус бул 21-кылымдагы үчүнчү ири пандемия. Учурдагы жүрүп жаткан эпидемия, катары менен үчүнчү ирет катталууда. Табигат Эне бизге эмне болорун айтып берүүдө: эгер биз COVID-19дун келип чыгышын толук түшүнбөсөк, анда COVID-26 жана COVID-32 болот », — деди ал.

Адис белгилегендей, жаңы коронавирустун чыгышын териштирүү керек. Бул үчүн вирусологдорду жана эпидемиологдорду эпидемия башталган Ухань шаарына жөнөтүү абзел. Жеринде илимпоздор маалыматтарды жана керектүү үлгүлөрдү чогулта алышат.

Ходез Кытай менен кызматташпай туруп коронавирус инфекциясынын келип чыгышы жөнүндө маалымат алуу кыйынга турарын айтты. Ал кошумчалагандай, адистерге жаныбарларга, адамдарга, үлгүлөргө жана лабораторияларга тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн, Пекинге катуу кысым жасалышы шарт, анын ичинде мүмкүн болгон санкциялар дагы бар.