“Коопсуз шаар” долбоору боюнча жалпы Жол кыймылынын эрежесин бузуу тууралуу 2 млн 373 миң 355 токтом чыгарылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин ЖКККББ башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, анын ичинен 1 млн 566 миң 870 сом айып 1 млрд 728 млн 921 миң сом суммасында төлөнгөн, бул жакпы токтомдун 66%ын түзөт.

“130 миң токтом сотко жөнөтүлдү, анын ичинен 70 миңи каралып жатат. Жалпысынан алардын 17 миңине айыппулдарды милдеттүү түрдө төлөө жөнүндө чечим чыгарылган, калгандары процедурадан өтүп жатат”, — деди ал.