Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин 4-чакырылышында «Ак жол фракциясынан депутат болгон ишкер Сергей Ибрагимовдун бизнесине байланыштуу мыйзам бузууларды иликтеп бүттү. Атайын кызмат аудиттин жүрүшүндө эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөнү тууралуу дооматтар ырасталбаганын билдирди.

Бул тууралуу 31-майда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

«Сергей Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу жана приоритеттүү багыттарын ишке ашыруу үчүн өз ыктыяры менен мамлекетке 100 млн сом которду»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Сергей Ибрагимов 2007-2010-жылдары парламенттин депутаты болгон. «Тазабек» порталындагы маалыматка ылайык, ал 2017-жылы Кыргызстандагы эң бай 100 адамдын тизмесинде тогузунчу орунда турган. Ибрагимов “Бакай” банкынын директорлор кеңешинин төрагасы.